Нарын: бүтүрүүчүлөргө Уланбек Эгизбаев атындагы стипендия берилди

23-июлда Кочкор районунун Көк-Жар айылындагы мектептин бүтүрүүчүлөрүнө Уланбек Эгизбаев атындагы кезектеги стипендия тапшырылды.

Стипендия Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча кыргыз тилинен эң көп упай алган бүтүрүүчүлөр Астра Бактыбек кызы, (1-орун - 94 балл) Айсулуу Баталиева, (2-орун - 90 балл) Калыя Тыналиевага (3-орун - 87 балл) берилди.

Уланбек Эгизбаев атындагы алгачкы стипендия өзү окуп кеткен мектептин мыкты үч бүтүрүүчүсүнө 2019-жылы ыйгарылган. Стипендия журналисттин кыргыз тилинин азыркысы менен келечегин даңазалап, эне тилин кастарлап, жайылтуу аракетин улантуу максатында жарыяланган.

"Азаттык" радиосунун таланттуу иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда 28 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД