Абдикарим Алимбаев

Баткен облусунун губернатору

Абдикарим Алимбаев 1973-жылы 19-апрелде туулган. Жогорку билимдүү.

Билим:

1995 - Казакстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин аскер институтун аяктаган

2006 - Россиянын федаралдык коопсуздук кызматынын аскер академиясын бүтүргөн

Эмгек жолу:

1993 – 2013 - Чек ара кызматынын түрдүү чек ара бөлүмдөрүн жетектеген;

2013 – 2014 - Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош, Жалал-Абад облустарындагы аймактык чек ара башкармаларын башкарган;

2014 – 2016 - Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары;

2016 жылдын 16-майы - Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчиси;

2021-жылдын 5-майы - өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД