Сот депутаттар Жээнбеков жана Зулпукаровду камакта калтырды

Бишкек шаардык соту "Кумтөр иши" боюнча кармалган Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаровду камакта калтырды.

Алардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жактоочулардын өтүнүчү 23-июнда каралды.

Сот имаратынын алдына депутаттардын тарапташтары чогулду. Алар соттон ишти акыйкат кароону, депутаттарды үй камагына чыгарууну талап кылып, "Саясий куугунтукка жол жок!", "Асылбек Жээнбековго боштондук", "Төрөбай Зулпукаровго боштондук" деп жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров 31-майда "Кумтөрдөгү" коррупцияга байланыштуу кармалган.

22-июнда "Кумтөрдөгү" коррупцияга байланыштуу кармалган экс-премьер-министр, мурдагы депутат Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн жок. Бабанов 31-июлга чейин Атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайында болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД