Журналист Али Токтакунов сурак берип чыкты

Иликтөөчү журналист Али Токтакунов Ички иштер министрлигидне сурак берип чыкканын "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Ал сурак октябрь окуялары боюнча болгонун, ошол убактагы болгон окуяларга юридикалык так баа берилүүсү керектигин жазган.

Белгилей кетсек, октябрдагы окуялары боюнча кечээ, 22-июнда экс вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева дагы сурак берген. Ошондой эле, "Реформа" саясий партиясынын лидери Клара Сооронкулова, депутат Рыскелди Момбеков да суракка алынган.

Мындан сырткары октябрдагы окуялары боюнча саясатчы Жеңиш Молдокматов камакка алынган. Ага УКМК имаратын басып алууга аракет кылган деп айып коюлууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД