Абдураимов Жарасул Осмоналиевич

Министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

Өмүр баяны. 1960-жылы Алай районунун Гүлчө айылында туулган. Жарасул Абдураимов 1968-жылдан 1976-жылга чейин Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы мектеп-интернатта тарбияланган. Кийин Кара-Кулжа районундагы №1 мектепте билим алган. Жогорку окуу жайын 1984-жылы Екатеринбург шаарындагы Урал политехникалык институтун бүтүргөн.

Эмгек жолу. Жарасул Осмоналиевич алгач СССРдин 50 жылдыгы атындагы заводдо ар кандай кызматты аркалаган. 1993-жылы "Дастан" ААКтын президенти болуп дайындалып, 1996-жылы өзү түзгөн Jarasul ЖЧКсынын башкы директору болгон.

Ата-энеси. Түбү Кара-Кулжа районунан. Кийин ата-энеси Гүлчөгө көчүп келген. Малчынын үй-бүлөсүндө чоңойгон. "Ата-энебиз өмүр бою колхоздун малын багып иштеген. Атабыз жаш кезибизде каза болуп калып, бизди апабыз багып чоңойтту", - деди ал.

Бир туугандары. Жарасул Абдураимов алты бир тууган. Ал саясий ишмер Каныбек Осмоналиевдин бир тууган иниси. Экөөнүн ортосу төрт жаш айырма. Быйыл улуу агасы менен эжеси өтүп кетти.

Каныбек Осмоналиев да кыргызга төбөсү көрүнгөн инсан. "Мен чоң атамдын атынан катталып калгам. Каныбек Осмоналиевич өз атабыздын атынан катталган. Интернетте мени ал кишинин агасы кылып, "чал" деп жазып жатышат. Каныбек Осмоналиевичке тамашалап "сиз саясатта жүрүп, өзүңүздү жакшы сактапсыз. Мен заводдо жүрүп тырышып калсам керек" десем, "ошол үчүн адам өзүн жакшы карашы керек" деп күлдү", - деди Абдураимов.

Спорт. 2011-жылы Мини футбол федерациясынын президенти болгон. Негизинен жашоодо спортко жакын. Жаш кезинде райондук, облустук деңгээлдеги курама команданын катарында болуп баскетбол, футбол ойногон. Негизинен футболду абдан жакшы көрөт жана жакшы ойнойт.

Үй-бүлөсү. Жубайы Гүлмира Асанова кесиби боюнча врач. Учурда эс алууда. Алар бир уул, эки кыздын сүйүктүү ата-энеси. Кыздары жогорку билимдүү юристтер, уулунун кесиби экономист. Жарасул Абдураимов принцип менен балдарынын баарын мүмкүнчүлүгү болгондугуна карабай Кыргызстандан окуткандыгын айтат. "Баланын ары жагында болсо эле кайсы жерден окуса да адам болуп кетет" деди ал. Учурда сегиз небереси бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД