Президент: салык менен соцтөлөмдү азайткан мыйзам иштеп чыгууну тапшырдым

Салык кодексин, ошондой эле социалдык төлөмдөрдүн тарифтерин төмөндөтүү боюнча жаңы мыйзам иштелип чыгат. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров билдиргенин президенттин аппаратынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, бүгүн, 23-июнда, президент башында турган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен бизнесмендердин жолугушуусу өттү.

"2021-жылдын 1-октябрына чейин жаңы салык кодексин, ошондой эле социалдык төлөмдөрдүн тарифтерин төмөндөтүү боюнча жаңы мыйзам иштеп чыгууну, аны Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүнү тапшырдым", - деди Жапаров.

Мамлекет башчы ишкерлерге карата кысымды азайтып, аларга колдоо көрсөтүү максатында УКМКнын Коррупцияга каршы кызматын жоюуну дагы убадалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД