"ИШЕНИМ" партиясынын Бишкек шаарынын тургундарына кайрылуусу

Урматтуу шаардыктар!

Өлкөбүздүн жүрөгү болгон Бишкек шаарынын бүгүнкү абалы - жаңыча ой жүгүрткөн, жаш, таза, креативдүү улан-кыздардын башын бириктирип, Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна аттануубузга түрткү берди. Биздин команда бир күчкө айланып, борбор шаарыбыз Бишкекти коопсуз, таза, өнүккөн шаарга айлантууга кадам таштадык. Бизди ИШЕНИМ бириктирди. Ооба! Дээрлик 30 жылдан бери куру убада менен курсак тойгузган адамдардын жоон тобунан үмүтү үзүлгөн карапайым элдин ИШЕНИМИ, бүтүндөй өмүрүн, ден-соолугун, тажырыйбасын мамлекетке берген улуу муундун, келечеги бүдөмүк болуп турган жаш муундун ИШЕНИМИ биздин бул чечимди кабыл алуубузга түрткү болду. Катарыбызга көйгөйдү көргөндөрдү эмес, аны чече билгендерди чакырдык. Ар бир мүчөбүз инсан катары калыптанып, турмушта алган багыты менен жасаган ишин айкалыштырган жарандар.

Жолдордун эскилиги, тардыгы, тыгындардын көбөйүшү, коомдук транспорттун аздыгы, социалдык объектилердин тартышты, булганган аба өңдүү толгон-токой оюлбаган көйгөйлөрдүн очогуна айланган ордо калаабыз бүгүн чындап реформатор, чечкиндүү адамдардын көмөгүнө муктаж. Секунд санап өнүгүп жаткан заман агымы азыр бизден жаңыланууну, умтулууну, изденүүнү талап кылууда. Бюрократия, тааныш-билиш, кокту-колоттун деңгээли төмөн түшүп, керелди кеч креслодо чалкалап, пачкалап кагаз жеп, челектеп сыя ичкен убакыт мезгил бүктөмүнө катылды. Бирок, эл эсебинен жан багып, эбегейсиз байыган айрым адамдар бул чындыкты моюндарына алгысы келбей жатканы анык. Алар азыр да элди алдап, куру убадаларын кулакка куюп, кайра эле баягы көнгөн иштерин көмүскөдө жасоого белсенүүдө.

Бүтүндөй дүйнө жүзүнүндө учурдун талабы болуп, коомдун өсүүсүнө жана ар бир жарандын бакубат жашоосуна шарт түзүү эсептелет. Жергиликтүү муниципиалдык бийлиги ийгиликтүү жана эффективдүү иштеген дүйнөнүн ири шаарлары жана борборлору бул талапты аткаруу менен, жарандарына жагымдуу шарттарды түзүп берген. ИШЕНИМ партиясы дагы шаар тургундарын татыктуу жашоого багыттай турган чөйрөнү куруу боюнча стратегиялык максаттарын алдыга койду.

Өз ишинин чыныгы кесипкөйлөрү, жарандык активисттер жана мамлекетчил инсандар чогулган биздин партия шаарыбыздын экономикасындагы, социалдык чөйрөсүндөгү, инфраструктурасындагы абалды жакшыртууга белсенүүдө. Бишкек – бул өлкөбүздүн жүзү! Борбор шаарыбызды ийгиликтүү жана бакубат шаарлардын катарына кошууга болгон акылыбызды, күчүбүздү пайдаланабыз жана аркеттенебиз.

№8 - "ИШЕНИМ" партиясы. Ишенимдүү кадамдар! Өнүккөн шаар!

Буйрутмачы: "Ишеним" саясий партиясынын шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовна (Күб. №36, 10.06.2021).

"Ишеним" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү.

Жарыяланган күнү: 23.06.2021


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД