Улугбек Ормонов: Ботаникалык бак жок болуп бара жатат

Жогорку Кеңештин Бүгүнкү, 23-июндагы жыйынында депутат Улугбек Ормонов Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын карамагындагы Э.Гареев атындагы Ботаникалык бактын абалы тууралуу сөз кылды.

"174 гектар аймакты ээлеген бакча жылдан-жылга жок болуп бара жатат. Суу жок, ал тургай өрттөлүп кеткен учурлар да арбын. Бишкек шаарын таза аба менен камсыздап турган Ботаникалык бакты сактап калуу керек" – деген Улугбек Ормонов Президентке кайрылып, абалды көзөмөлгө алууну өтүндү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД