Кыргызстандын эркин күрөш балбандары Түркияда өтө турган Yaşar Doğu эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Мелдеш 24-27-июнь күндөрү Стамбул шаарында өтүп, ага Кыргызстандын атынан 13 спортчу катышат.
Спортчулардын аттары:
1. Бекболот Мырзаназар уулу, 57 кг;
2. Алмаз Сманбеков, 57 кг;
3. Улукбек Жолдошбеков, 61 кг;
4. Тайырбек Жумашбек уулу, 61 кг;
5. Икромжан Хаджимурадов, 61 кг;
6. Эрназар Акматалиев, 65 кг;
7. Алибек Осмонов, 65 кг;
8. Айбек Токтогул уулу, 65 кг;
9. Ислам Орозбеков, 70 кг;
10. Саякбай Усупов, 79 кг;
11. Атай Изабеков, 79 кг;
12. Нуртилек Карыпбаев, 86 кг;
13. Дөөлөтбек Жамгырбек уулу, 92 кг.