Улуттук банкка нааразы болгон ишкерлер президенттен жардам сурап кайрылышты

Улуттук банк өз милдетин аткарбай, карапайым эл жабыркап жатат деген ишкерлер Бишкекте маалымат жыйын өткөрүштү.

Алардын айтымында Улуттук банк элдин эмес, банктардын кызыкчылыгын коргоп жатат. Банк тарабынан ачык мыйзам бузуулар болсо дагы көз жумуп, көңүл бурбай жатат.

Ишкерлер буга байланыштуу аталган тармактагы көйгөйдү чечүүнү президент өзү көзөмөлүнө алуусун, атайын комиссия түзүп, иликтөөнү өтүнүштү.

Маалымат жыйынга жети дубандын жана борбор калаанын ишкерлеринин өкүлдөрү катышты.

Кайрылууну толугу менен төмөндөгү видеодон көрө аласыздар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД