Лейлек районунда "Баш аламан соода-сатык" аталышындагы иш-чара өтүүдө

2021-жылдын 16-июнунан тартып 25-июнуна чейин Лейлек районунун аймагындагы унаа жолдорунун четинде жайгашкан базарлардын алдында жашылчаларды, жемиштерди, эл керектөөчү буюмдарды саткан мыйзамсыз, талапка жооп бербеген абалда жана баш аламан соода орундарын иретке келтирүү максатында "Баш аламан соода-сатык" аталышындагы иш-чарасы өткөрүлөт. Бул иш-чара Лейлек РИИБинин ЖКККБы тарабынан Лейлек районунун аймагындагы унаа жолдорунун четинде жайгашкан базарлардын алдында мыйзамсыз, талапка жооп бербеген абалдагы соода иштеринен тазалоо боюнча иш-мерчемдин алкагында өткөрүлүүдө. Түзүлгөн иш-мерчемдин негизинде ЖКККБнун кызматкерлери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, кызыктар тараптардын кызматкерлери менен биргеликте иш алып барышууда. Исфана борбордук базарында мыйзамсыз соода-сатык жүргүзгөн жаранга Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде протокол түзүлдү. Ошондой эле борбордук базардын алдында соода орундары алынып, элдердин жана унаа каражаттардын тоскоолдуксуз өтүүсүнө шарт түзүлүп берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД