Коргоо министри түрк элчиси менен аскердик кызматташууну талкуулады

Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев Түркиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси Ахмет Садык Доган менен жолукту. Бул тууралуу 20-майда министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, жолугушууда коопсуздукка байланыштуу учурдагы абал, аскер жаатында кызматташтыктын келечеги, андан ары өнүктүрүү тууралуу сөз болду.

Ахмет Садык Доган 17-майда президент Садыр Жапаровго ишеним грамотасын тапшырган.

Жапаров анын алдында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефондон сүйлөшүп, эки тараптуу байланыш жана аймактарды өнүктүрүү тууралуу пикир алышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД