Күйүүчү майдын баалары айдын аягына чейин дагы көтөрүлөрү айтылды

Үстүбүздөгү жылдын июнь айынын аягына чейин күйүүчү-майлоочу майдын баасы дагы 2 пайызга чейин көтөрүлөт. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында буга июнь айында Орусиядагы мунай иштетүүчү заводдордун күйүүчү майдын дүң баасын жогорулатканы себеп болууда.

"Күйүүчү майлардын түрлөрүнө жараша өзгөрөт баалар, 1,5 – 2 сомго чейин көтөрүлүшү күтүлүүдө. Кийинки июль айында дагы заводдор бааларын көтөрүүсү мүмкүн. Абалга жараша ошол убакта кошумча маалымат берилет", - дейт Эшатов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД