"Учурда күйүүчү-майлоочу майдын баасына мамлекеттик көзөмөл жок"

Учурда күйүүчү-майлоочу майдын баасына мамлекеттик көзөмөл жок. Бул тууралуу маалымат жыйында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын жетекчиси Сагын Маматоморов билдирди.

Анын айтымында мамлекеттик көзөмөл күйүүчү-майлоочу майлардын баасында кескин өзгөрүү болгон гана учурда гана кирет.

"Биздин түзүм бааны бир гана учурда тескейт, эгер бир айлык мөөнөттө баа өз наркынан 20 пайыздан ашып кетсе. Андай учурда өкмөт тарабынан жөнгө салуу киргизилип, 90 күнгө көзөмөлгө алынат", - дейт Маматоморов.

Мындан сырткары ал күйүүчү майдын баасы эмне себептен өсүп жатканын да чечмеледи.

"Пандемияда дүйнөдөгү өлкөлөрдүн экономикасы солгундап, күйүүчү-майлоочу майга болгон суроо талап түшкөн. Ошол учурда баа 2011-жылкы наркка түшүп кеткендиктен заводдор күйүүчү майлардын көлөмүн 30-40%га чейин азайтышкан. 2021-жылдан баштап экономика өсө баштап, бензинге болгон суроо талап күчөдү. Бирок күйүүчү майлардын көлөмү аз болгондуктан баа өсүп кетти", - дейт Маматоморов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД