Путин Кадыровго дагы бир жолу Чеченстанга президент болууну сунуштады

Орусиянын президенти Владимир Путин Рамзан Кадыровго дагы бир жолу Чеченстандын президенти болууну сунуш кылды.

"Интерфакс" кабарлагандай, 23-июнда Путин Кадыров менен видеобайланышта сүйлөшүп, Чеченстанды Орусия Федерациясынын эң коопсуз аймактарынын бири деп атады. Мында Кадыровдун эмгеги зор экенин белгиледи.

Чеченстанда президенттик шайлоо сентябрда өтөт.

Орусиялык укук коргоочулар, Европа Биримдиги жана АКШ соңку жылдары Чеченстанда адам укуктарына байланыштуу жагдай кескин начарлап кеткенине тынчсызданып келатышат. Бул жерде сөз адамдарды соттобой эле өлтүрүп салуу, ЛГБТ коомчулугунун куугунтукка алынышы жаатында болууда. Рамзан Кадыров жана анын айланасындагы башка аткаминерлер бул айыптоолорду четке кагып келет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД