Эшатов: Казакстандагы күйүүчү май тартышыгы бизге таасирин бербейт

Казакстандагы күйүүчү май тартышыгы бизге таасирин бербейт. Бул тууралуу маалымат жыйында Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов билдирди.

"Соңку күндөрү Казакстандагы күйүүчү май таңкыстыгынын бизге да таасири тийет деп айрым эксперттер элге туура эмес маалыымат берип жатышат. Ушуга байланыштуу маалымат берип коён деп чечтим. Өзүңөр билесиңер Казакстанда бир заводу ремонтто турган жана "Атырау" заводу авариялык кырдаал жаралып туруп калган. Буга байланыштуу эки регионунда тартыштык жаралган. Учурда алар 4-5 күндө бул маселени чечебиз дешип жатат.

Бул Казакстанда болуп жаткан кырдаал бизге эч кандай таасирин бербейт", - дейт Эшатов.

Белгилей кетсек, Кыргызстан бир жылда 1 млн 200 тонна күйүүчү-майлоочу май керектейт. Анын 1 млн тоннага жакыны Россиядан алып келинсе, 200 тоннасы ички өндүрүүчүлөрдөн алынат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД