Орусия Тажикстанга армиясын калыптандырууга жардам берет

Орусия менен Тажикстан аскердик кызматташтыкты улантууну макулдашты. Бул тууралуу эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Сирождидин Мухриддин менен Сергей Лавровдун 19-майда Дүйшөмбүдөгү сүйлөшүүлөрүнөн кийин орус башкы дипломаты билдирди.

АКШнын аскерлерин Ооганстандан чыгаруу чечими кошуна өлкөлөрдү, анын ичинде Тажикстанды тынчсыздандырууда.

Лавровдун айтымында, Мухриддин менен сүйлөшүүдө аскердик-техникалык кызматташтык, тажик куралдуу күчтөрүн калыптандырууга көмөктөшүү маселелери козголду.

Министр эл аралык террорчулардын Ооганстандын түндүгүндө активдешүүсү камтама жаратарын айтып, Москва "терроризмге, экстремизмге жана маңзат аткезчилигине каршы күрөшүү үчүн Дүйшөмбүгө болгон жардамын берүүгө даяр", - деп белгиледи.

Ал ошондой эле, жакында Орусия жана Тажикстан Ооганстан менен чек ара пунктун реконструкциялоо тууралуу өкмөттөр аралык келишимге кол коюшарын кошумчалады. Ал ишти Москва каржыламакчы.

АКШнын контингенти Ооганстандан 11-сентябрга чейин чыгып кетүүгө тийиш.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД