Президент Садыр Жапаров Тажикстанга барат

28-29-июнда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Тажикстанга барат. Бул тууралуу бүгүн Тажикстандын тышкы иштер министрлигине таянып тажик басылмалары жазып чыгышты.

Бул Жапаровдун Кыргызстандын президенти катары Тажикстанга жасаган биринчи сапары болот. Сапар 30-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда пландаштырылган.

Эки мамлекеттин башчылары кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча телефон аркылуу сүйлөшкөн болчу. Рахмон Жапаровду ыңгайлуу учурда Тажикстанга барууга чакырган.

Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчылары май айынын экинчи жарымында Дүйшөмбү шаарында бетме-бет жолугушуу өткөрүүнү макулдашкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД