ЕАЭБдин аймагында жумушка орноштурган мобилдик тиркеме ишке кирет

1-июлдан тарта ЕАЭБде "Чек арасыз иш" вакансияларынын бирдиктүү маалымат базасы иштей баштайт. Ал биримдик өлкөлөрүндө жумуш издөөнү жеңилдетүү жана биримдиктин алкагында жумушчу күчүнүн кыймылына ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында түзүлгөнүн билдирди Евразиялык экономикалык комиссия.

Орусиянын премьер-министринин орун басары Алексей Оверчук "Российская газетага" билдиргендей, жаңы ресурстун аркасында ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары жумуштарды эркин тандап, башка өлкөлөрдө же өз мекенинде кандай вакансиялар бар экендигин көрө алышат. Ал эми жумуш берүүчүлөр бул жака бош орундар тууралуу билдирүүлөрдү жарыялай алат.

"Бирок биз андан нары дагы өркүндөттүк, бул жерде биз ЕАЭБдин башка өлкөлөрү үчүн локомотивбиз" деди Оверчук, Орусия тууралуу ишара кылып. "2022-жылдын башында бул система адамдарга пайдасын тийгизе баштайт. Ошондой эле биз ЕАЭБдин башка өлкөлөрүн өздөрүндө ушул сыяктуу иштерди санариптештирүүгө үлгү болобуз деп ойлоп жатабыз"

Оверчуктун айтымында санарип технологиялар адам чек ара көзөмөлдөө пунктуна келгенде күтүлбөгөн окуялардын болуусун алдын алат, ортомчуларды четтетүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

"Биз тиркеме аркылуу адам өз өлкөсүнөн чыкпай туруп, анын башка өлкөгө кирүүсүнө чектөө коюлган же коюлбаганын биле алгыдай кыла алабыз", - дейт Оверчук.

Вице-премьер-министрдин айтымында жаңы тиркеме Евразия экономикалык комиссиясынын жана Орусиянын Эмгек министрлигинин биргелешкен долбоорунун алкагындагы бош орундар менен гана чектелбестен, бош орундар жөнүндө маалыматтарды камтыган ЕАЭБдин аймагындагы башка маалыматтык ресурстарга да кошулат. Ошондой эле ал адам жумушка орношуудан мурун жумуш берүүчү менен байланышууга жардам берет. Ошол эле учурда, убакыттын өтүшү менен, бул электрондук документтердин расмий түрдө таанылышын камсыздоо пландалууда. Мисал катары эгерде көчөдөн токтотуп документтерин сурашса, адам ар дайым телефонду көрсөтүп: "Мен бул жакта мыйзамдуу жүрөм" деп айта ала турган болот.

"Адаттагыдай эле, башка санариптик долбоорлордогудай эле биз адамдардын муктаждыктарын негиз катары алабыз. Мына ушуга таянып туруп анан кардарлардын жолун түзөбүз. Ал баарыбызга тааныш мобилдик тиркеме түрүндө ишке ашырылат. Адам ар дайым өзүнө жакшы шарт издейт, эгер эмгек шарттарын жакшыртууга мүмкүнчүлүк бар болсо анда ал эч кандай кыйынчылыктарга дуушар болбошу керек. Эгер адам жумуш ордун алмаштырса, анда жаңы жерде ал эмгек акы алып, салык төлөй баштайт. Бул ведомство аралык маалымат алмашуунун натыйжасында тиешелүү компетенттүү органдарга белгилүү болушу керек, жумуш издеген адам ар жерге барып, кезекке туруп, арыз жазуусунан кийин эмес. Эгерде мекенине кете турган болсо, анын кеткени белгилүү болот, бардыгы ачык-айкын жана адамдар үчүн ыңгайлуу болушу керек, эң биринчи кезекте ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн. Кантсе да, дал ушул нерсе үчүн биздин союз түзүлгөн ", - деп белгилейт Алексей Оверчук.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД