Жол кырсыктарын алдын алуу үчүн баннерлер илинип, кеңештер айтылды

Жалал-Абадда жол кырсыктарын алдын алууга багытталган баннерлер илинди. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, соңку учурда адам өлүмүнө алып келген жол кырсыктары көп катталып жатат. Буга байланыштуу жол кырсыктарын алдын алууга багытталган баннерлер илинди. Алар демөөрчүлөр менен биргеликте илинди.

Ошондой эле Жалал-Абаддын ЖКККБсы айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин так сактап жүрүүгө чакыруу менен бир катар кеңештерди берет:

Рулга отургандан кийин коопсуздук курун тагыныңыз жана жүргүнчүлөр да байлаганын текшериңиз.

Кичинекей балдарды бою, салмагына жараша атайын ылайыкташтырылган олтургучка отургузуңуз;

ылдамдыктын чегин билип, аралыкты сактаңыз. Бул эрежелерди унутуу далай каргашага алып келерин статистика да көрсөтүүдө;

чарчап же өзүңүздү жаман сезип жатсаңыз рулга отурбаңыз. Ошондой эле ичимдик ичип алып автоунаа айдайм деп такыр ойлобоңуз, кесепети чоң;

унааны абайлап, эч нерсеге алаксыбай кылдаттык менен айдаңыз. Уюлдук телефон менен рулда баратып сүйлөшпөңүз;

жолду карап тыюу салынган аймактарга, жерлерге көңүл буруңуз;

унааңыздын техникалык абалына көз салыңыз, мүчүлүштүктөр болсо рулду башкарбаңыз;

автоунааңыздын ичинде биринчи жардам кутучасы (аптечка), караңгыда чагылышып турган жилет жана өрт өчүргүч болгону жакшы;

жөө жүрүүчүлөр өтүүчү жол кооптуу жер экендигин унутпаңыз. Мындай жакка жакындаганда айдоочу ылдамдыгын алдын ала азайтып, өзүн колго алышы зарыл.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД