Кыргызстанга быйылкы жылдын алгачкы үч айынын ичинде 21,2 миллион долларга 2 272 даана жеңил автоунаа кирген.
БИШКЕК, 21-май - Sputnik. Кыргызстанга импорттолгон автоунаалардын көрсөткүчү азайганы менен кээ бир чет өлкөлөрдөн келген жеңил автокөлүктөрдүн саны өскөн. Бул туурасында Статистика боюнча улуттук комитеттин маалыматында айтылат.
Быйыл январдан тарта март айына чейин өлкөгө 2 272 автоунаа ташып киришкен, ал эми 2020-жылы бул сандар 3 907 болгон. Казакстандан келген темир тулпарлардын импорту азайган, сандар менен алсак, 2 213төн 51ге түшүп кеткен.
Анткен менен төмөнкү өлкөлөрдөн ташып келүү өскөн:
Түштүк Корея - 14төн 569га көбөйгөн;
АКШ - 9дан 136га арбыган;
Литва - 11ден 130га өскөн.
Эске салсак, буга чейин да кыргызстандык ишкерлер Литвадан автоунааларды ташып келип турган.