"Газпром Кыргызстан" компаниясы берген маалыматка таянсак, 28-июндан 9-июлга чейин Бишкектин айрым райондорунда жаратыш газын берүү токтотулат.
Бул арада 1976-жылы колдонууга берилген орточо басымдагы жер алдынан өтчү газ куурларынын жабдуулары оңдолот.
Мындан улам шаардык мэрия "Бишкектеплоэнерго" коммуналдык ишканасы калаанын төмөнкү аймактарында ысык суу берүүнүн токтоторун кабарлады:
-Жал кичи району;
-Энени жана баланы коргоо улуттук борбору;
-№5 кир жуучу комплекс;
-№ 20 кесиптик лицей;
-№94 кесиптик лицей;
-№91 кесиптик лицейге ысык суу берилбейт.