Экс-депутат, экс-министр "Айтыш" коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз Кыргызстандын Франциядагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Элчиликтен тышкары Шер-Нияз ЮНЕСКОдогу Кыргызстандын туруктуу өкүлү кызматын да аркаламай болду.