Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирден аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ӨКМга Бишкек шаарынын Сыдыков көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн батиринин эшиги бекилип калганы маалымдалган. Куткаруучулар батирге балкон аркылуу кирип, эшикти ачышкан. Батирден 76 жаштагы С.В. аттуу аялдын жансыз денеси табылган.
Куткаручулар жансыз денени милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.