Угуусу жабыркаган балдарды окутуу. Көйгөйлөрдөн чечимдерге өтүү

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда угуусу бузулган 5000ден ашык жаран катталган. Мындай бузулуулары бар балдар жаңсоо тилинде окушат жана адистештирилген мектептерде орто билимге ээ болушат.

Мындай балдардын билим алуусу башка окуучуларды окутуудан айырмаланат. Угуусу жабыркаган окуучулар үчүн мугалимдер – сүйлөө тажрыйбасына ээ болуунун башкы булагы. Ушул тапта Кыргызстанда мындай билим берүү мекемелеринин негизги көйгөйү усулдук жана окуу материалдарынын курч жетишсиздиги менен байланышкан.

Кара-Суудагы Угуусу чектелген балдар үчүн атайы билим берүү жатак-мектебинин математика мугалими Салтанат Бекташова баяндагандай, ушул жылы алардын мектебинде 172 окуучу окуйт. Ошол эле учурда бул балдар түштүк аймактарынан: Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарынан келген балдар.

- Албетте, мындай балдар менен иштөө окутуучулук ишмердүүлүктөн алганда татаалыраак. Дефектологдор менен жекече сабактар жардам берет, аларга үндөр коюлуп, кийин сабактарда бышыкталат. Мен математика мугалими болуп иштеймин – угуусу бузулган балдарды эсептегенге, эсеп чыгарганга үйрөтөм, алардын сөз корун кеңейтем. Биздин балдар өзгөчө мамилеге муктаж жана албетте кызыктуу жана өзүнө тартып турган атайы окуу китептери керек,- дейт Бекташева.

Мугалимдин айтымында, бардык жердегидей эле өзүнүн кыйынчылыктары бар, бирок бардык кыйынчылыктарга карабастан алар иштеп жатышат жана бардык тараптардан колдоо алышууда.

- Дефектолог-адистердин жетишсиздиги кырдаалды оорлотуп жатат. Ал эми биз үчүн угуусу жабыркаган балдар менен иштеген адистердин кесипкөй болушу маанилүү, -деп түшүндүрдү Бекташова.

Мындай атайы окуу мекемелеринин мугалимдерине "Дилгирим" тиркемесинин түзүүчүлөрү жардамга келишти.

- Алар баштапкы класстар үчүн усулдук китепчелерди алып келишти. "Дилгирим" тиркемесинин өзү дагы окутууга аябай жардам берет. Дээрлик бардык мугалимдер көчүрүп алышып, ошол тиркеме боюнча иштеп жатышат. Анын жардамы менен балдарга материалды түшүндүрүү жеңил болуп калды. Анын системасы окуучулар буюм-тайымдардын жана башка нерселердин сөз менен аталышын эске тутуп калышат. Башкача айтканда, тиркеме көрүп эске тутуу менен иштейт,- дейт Бекташова.

Тиркеме Дактиль менен коштолот. Дактиль - жаңсоо алиппеси, башкача айтканда ар бир тамга белгилүү бир жаңсоонун жардамы менен көрсөтүлө турган алфавит.

- Тиркеме аркылуу иштөөнүн жардамы менен окуучулар бир эле учурда жаңсоолорду дагы, тамгаларды дагы эске тутуп кала алышат. Аларда сөздөрдү куруу тапшырмалары бар. Ошондуктан балдарга "Дилгирим" менен иштөө кызыктуу, - дейт Бекташова.

"Дилгирим" угуусу жабыркаган балдар окуган мектептердин 1-классы үчүн сөз өстүрүү боюнча жетишерлик толук кооз китепче экендигин белгилей кетүү керек. Ал балдарга окуу материалын кыйла тез, жеңил жана кызыктуу формада өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. "Дилгирим" Кыргызстандагы БУУӨПтүн колдоосу астында "Technoland" Коомдук фонду тарабынан иштелип чыккан.

"Дилгирим" ар бир теманы өздөштүрүү деңгээлин текшерүү жана өтүлгөн материалды бышыктоо үчүн интерактивдүү оюндар менен коштолгон аталган темалар боюнча флеш-карталарды камтыган беш бөлүмдөн турат. Анда ошондой эле угуусу начар балдардын калган угуусун кошуу үчүн сөздөрдү үн менен коштоо каралган.

Маектин акырында Кара-Суулук мугалим өткөн жылы ушул сыяктуу пилоттук долбоор Бишкекте ишке киргендигин, ушул тапта Кара-Сууда башталгандыгын кошумчалады.

- Бул маанилүү жана керектүү долбоор мындан ары дагы улантылышын каалайт элек,-деп кошумчалады Салтанат Бекташова.

Маалымат үчүн: Кыргызстанда эки тилдүү "Дилгирим" тиркемеси иштелип чыккан, аны Google Play жа App Store кызматынан көчүрүп алууга болот. Ал 1-класс үчүн сөз өстүрүү боюнча сүрөттүү китепчеден турат. Тиркеме КРдагы БУУӨПтүн колдоосу астында "Technoland" Коомдук фонду тарабынан иштелип чыккан жана "Inno4KG ачык инновацияларына чакырык" программасы боюнча ишке ашырылган "Угуусу жабыркаган балдарды санариптик окутуу системаларына тартуу" долбоорунун уландысы болуп саналат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД