Эртең, 25-июнда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жерлеринде жаан-чачын болот. Тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
Абанын температурасы:
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15...2+0, күндүз +33...+35,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13...+18, күндүз +21...+26,
Талас жергесинде түнкүсүн +10...+15, күндүз +20...+25,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +10...+15, күндүз +19...+24,
Нарын облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +18...+23,
Чолпон-Ата шаарында жаан жаайт, түнкүсүн +11..+13, күндүз +19...+21 градус.
Бишкек шаарында жаан жаайт, түнкүсүн +16…+18, күндүз +24…+29 градус болот.