Министр Бейшеналиев коронавируска чалдыгып, уу коргошун менен дарыланууда

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирус жуктуруп алды. Бул маалыматты VB.KG`ге министр өзү тастыктады.

"Үч күн мурун абалым начарлап, коронавируска тест тапшырсам, оору жуктурганым аныкталды. Уу коргошун менен дарыланып жатам, учурда абалым жакшы болуп калды. Азыр иш бөлмөмдө обочолонуп, видео байланыш аркылуу аралыктан иштеп жатам. Оору күч алып жатканда өзүм жатып албашым керек", - дейт министр.

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев март айында коронавируска каршы Sinoрharm вакцинасы менен эмделген.

Кийин коронавирусту уу коргошун менен дарыласа болорун айтып чыгып, кантип ичүү керектигин түз эфирде элге көргөзүп берген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД