Инандынын уурдалганына 25 күн. Бишкекте аны колдоо митинги өтүүдө

Бүгүн, 25-июнда "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны колдоо митинги өтүүдө.

"Сапат" мектебинин бүтүрүүчүлөрү, кызматкерлери, ата-энелер жана буга тынчсызданган адамдар Өкмөт үйүнүн алдына чогулушту.

Алар адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтып, Орхан Инандыны табууну талап кылышууда. "Агайыбыз табылсын!", "Бийлик иштесин!" деген плакаттарды көтөрүп алышкан.

Кыргыз жараны Орхан Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар тарабынан уурдалган. Ал 25 күндөн бери табыла элек.

Президент Садыр Жапаров да дайынсыз жоголгон кыргыз жаранын издөө боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана ИИМге тапшырма берген.

Ички иштер министрлиги бул факты боюнча "адам уурдоо" беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Андан бери эч кандай жаңы жагдай аныктала элек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД