21-майга карата аба ырайы

21-майда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт. Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 22…27;

Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 21…26;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөйт, күндүз жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 25…27 градус болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД