
Кыргызстандык жаш дизайнер Нурбек Кадыркуловдун "NE ON" авангарддык коллекциясы эл аралык Baltic Ethnic Fashion фестивалында Кыргызстандын атынан чыгат.
Россиянын маданий борборундагы фестивал "Ак Түндөрдүн" мода жумалыгынын алкагында өтөт. Ал буга чейин Санкт-Петербург шаарында өтүп жатат. "Ак түндөрдү боёйбуз!" - бул IBEFF Etnomoda долбоору тарабынан бир нече жыл катары менен уюштурулуп келе жаткан иш-чаранын урааны. Долбоор эл аралык мүнөзгө ээ. Ал модага жана искусствого арналган, анда этностук заманбап костюм, көркөм жана прикладдык искусство менен көрсөтүлөт. Таланттуу мекендешибиз онлайн сынакка катышат. Ал сынак 15-июлда болот. Коллекциялар Санкт-Петербургдун Смолячков көчөсүндөгү маданий борборундагы чоң экранда көрсөтүлөт. Шаардын сыртындагы сынактын катышуучулары калыстар тобу жана бири-бири менен Zoom платформасында реалдуу убакыт режиминде байланыша алышат.
Исанов атындагы КМУТА Инновациялык Кесиптер Институтунун бүтүрүүчүсү биздин республиканын атынан катышууда. Нурбек Кадыркулов бул окуу жайды 2020-жылы аяктаган. Жигит доцент Ирина Илюшенконун жетекчилиги алдында, мода дизайны боюнча билим алган. Окуу учурунда Нурбек Кадыркулов модель болгон жана кийимдин кооз гана эмес, ыңгайлуу жана көп функционалдуу болушу үчүн канчалык маанилүү экендигин өзү башынан өткөргөн. "NE ON" коллекциясын түзүүдө жаш дизайнер бу идеяларды жетекчиликке алган. Анын каарманы - метрополитендин жашоочусу, заманбап, чыгармачыл, куш сыяктуу эркин болуп, баардыгына убакыт табууну каалайт.
Мындан тышкары, дизайнда негизги нерсе чен-өлчөмсүздүгү. Аларды кийим катары да, жууркан катары да колдонсо болот. Комбинезон жана курткалар ыңгайлуу жана жылуу табигый шейшептерден тигилген. Дизайнда Нурбек шаардын жолдорун эске салган декоративдик тигиштерди жана тилкелерди, ошондой эле дененин айрым бөлүктөрүнүн силуэтин жана коргоочу функцияларын калыптандыруу үчүн кошумча шейшеп деталдарын колдонгон. Караңгыда чагылдырылган табигый материалдарды да, коргоочу - синтетикалык, ошондой эле люминесценттик неон боёкторду да коллекцияга бириктиргени кызыктуу. Түнкү шаардын тыгыз унаа жолунан мындай кийимчен адам даана көрүнөт. Бирок ал кааласа, плащтын деталдарын кайрадан бүктөп, жашырып, көрүнбөй да калат. Дизайнердин идеясына ылайык, кол менен сүрөт тартуу жана буюмдардын эки тараптуулугу метрополиянын динамикасын - анын күнү-түнү көркөм чагылдырышы керек.
Буга чейин Нурбек Кадыркулов Нью-Йорктогу Эл аралык Fashion Digital Week 2020 мааракесинде экинчи орунду ээлеп, Гран-При Eco Fashion Kyrgyzstan 2021 утуп, Дизайнерлер Союзунун "Бирге" долбоорунун дизайнерлеринин коллекциясынын шоусуна катышкан.