Тенгиз Бөлтүрүк: "Кумтөрдөгү" коопсуздук биздин биринчи милдетибиз

КГКнын жана компаниянын бардык кызматкерлеринин атынан сиздерди баардыгыбыз үчүн маанилүү  болгон жыйынтыкка -  үч жылдык иш убактыны текке кетирбей иштеген жетишкендиктер менен куттуктайм. Бул тууралуу компаниянын убактылуу тышкы менеджери Тенгиз Бөлтүрүк билдирди.

Ал учурда КГКда ар кандай подрядчы ишканалардан куралган 1500гө жакын адам иштеп жаткандыгын белгиледи.

- Биз подрядчы уюмдардын бардык кызматкерлерине чын жүрөктөн ыраазычылыгыбызды билдиребиз жана ар бириңиздердин кошкон олуттуу салымыңыздарды баалайбыз. Биздин өзүбүздүн ишибиз менен өндүрүштү ар кандай кокустуктардын болтурбай эле жүргүзүүгө болорун далилдейбиз. Биздин ишибиздин негизги жана туруктуу принциби - жумуш учурунда коопсуздукту сактоонун милдеттүү эрежелерин сактоо. Коопсуздук – бул биздин биринчи милдетибиз. Жана жумуш  убактысын жоготпостон иштеген үч жыл чек эмес, - дейт Тенгиз Бөлтүрүк куттуктоосунда.

КГКнын убактылуу тышкы менеджери дагы эмне жөнүндө айтты, төмөнкү видеодон кеңири көрсөңүз болот:


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД