Өлкө боюнча бүтүрүүчүлөрдүн 63 пайызы ЖОЖго тапшыра алат

Бүгүн, 25-июнда жогорку окуу жайларга жана орто кесиптик окуу жайларга тапшыруу тууралуу маалымат жыйын өтүүдө. Жыйынга билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров катышууда.

"25284 абитуриент же 60% 110дон жогору балл алышты. 105 баллдан жогору 28143, же абитуриенттердин 63% алышты. Башкача айтканда, студенттердин 63% өлкөнүн ЖОЖдоруна кирүүгө арыз бере алышат", – деди министрдин орун басары.

Анын айтымында, абитуриенттердин окууга тапшыруусу үчүн билим берүү мекемелерине баруунун кажети жок.

"Окууга тапшыруу онлайн өткөндөй эле, документтерди тапшыруу да интернет аркылуу болот. Анда https/2020.edu.gov.kg/spuz/. системасы аркылуу жибере алышат", – деди ал.

Окууга тапшырууда төмөнкү документтерди тиркеп жиберүү керек:

1) Паспорт же башка өздүгүн тастыктоочу документ;

2) Аттестат (11-класс), күбөлүк (9-класс);

3) Льготалык жеңилдиктер ден соолугунау мүмкүнчүлүгү чектелген болсо, жана ата-энеси жокторго каралган.

Бүтүрүүчүлөр 110дон жогору балл алса, бюджеттик орундарга тапшыра алышат. Ал эми 105 баллдан өйдө болсо келишимдик негизде тапшыра алышат. Жыйында журналисттер тарабынан "Быйыл окуу жайлардын келишимдик баасы кымбаттадыбы?" деген суроо берилди. "Ар бир окуу жай менен студенттер ортосунда келишим түзүлөт. Ошол жакта кандай жазылса, бүтүрүүчү макулдугун берет", – деп жооп берди орун басар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД