Кыргызстанда 3,2 млн адам эмдөөдөн өтүшү керек

Кыргызстанда 3,2 млн адам эмдөөдөн өтүшү керек. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрага орун басары Жылдыз Бакашева Бириккен улуттар уюмунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Озонния Ожиело менен жолугушууда айтты.

Анын ичинен артыкчылык бериле турган топтогулардын саны 2,6 млн адам. Бул үчүн 6,4 млн доза вакцина керек, эң аз дегенде 5,2 млн доза вакцина зарыл.

Жылдыз Бакашева коронавирус илдетинин жайылышынын алдын алууда, медицинаны өнүктүрүүдө өнөктөштөр менен бирге иштешүү маанилүү экенин айтты.

Ал ошондой эле электрондук саламаттыкты сактоо тутумун ишке киргизүүнү тездетүү, дары-дармектер жана медициналык багыттагы буюмдар боюнча улуттук маалымат базасын түзүү, ошондой эле коронавирус менен жабыркаган жарандардын бирдиктүү реестрин түзүү маанилүүлүгүнө токтолду.

БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Озонния Ожиело пандемиянын үчүнчү толкунуна каршы күрөшүүдө калкты эмдөө, эпидемиологиялык эрежелерди сактоо маанилүү экенин айтты.

Элинин 70 пайызы COVID-19га каршы вакцинациядан өткөн мамлекеттер экономикасын жана туруктуулукту калыбына батыраак келтире алышкан.

БУУнун өкүлдөрү Кыргызстанга колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгилешти. Кыска убакыттын ичинде Кыргызстанда пандемияга каршы күрөшүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууга жардам берүү боюнча келишимге жетишилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД