Осмонов: Шайлоо - жөндөм, тажрыйба жана идеялардын атаандаштыгы болуш керек

"Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын төрагасы Айбек Осмоновдун кайрылуусу:

Урматтуу шаардыктар, ардактуу достор!

"Биздин Кыргызстан" партиясынын командасы Бишкек жана Ош шаардык кеӊешинин депутаттарынын шайлоосуна киришип жатып, кайрылуу жасоону туура көрдү.

Шайлоонун үгүтү убагында атаандаштар ортосунда түрдүү ыкмалар колдонулуп келет. Тилекке каршы, өздөрүнүн артыкчылыгын айтуу менен алектенбей, атаандаштарынан кемчилик издөө менен алышкан учурларды көп эле жолуктурдук.

Утуп чыгуу үчүн колдонулган бийликтин ресурсу, акчанын күчү, тууганчылдык сезимдер – шайлоонун жыйынтыгынын стабилдүүлүгүн сактап кала алган жок.

Ыплас жол менен бут тосуу атаандаштыгы дагы эч кимге ийгилик алып келбеди. Шайлоого катышып жаткан талапкерлер баарыбыз сүйүктүү шаарларыбыздын өнүгүүсүнө салым кошууга ниет кылып, аруу тилектер менен аттанып жатабыз. Партияларыбыз бөлөк болгону менен тилегибиз, үмүттөрүбүз, Кыргызстаныбыз бир.

Ошондуктан, бул шайлоодо эски адат, эски көрүнүштөрдөн арылып, жаӊыча баралы. Бут тосуулардын, каралоолордун атаандаштыгын эмес, идеялардын, программалардын, мүмкүнчүлүктөрдүн, тунук ой жүгүртүүнүн атаандаштыгын көрсөтөлү.

Биздин Кыргызстаныбызда оор сыноолор турган кезде – ынтымактуу болууга баарыӊыздарды чакырам. Шайлоо, атаандаштык - утурумдук нерселер. Адамгерчилик - бул түбөлүк!

Шайлоого катышып жаткан партиялаштарыма жеӊиш, атаандаштарга ийгилик каалайм!

Буйрутмачы: "Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.Алымкулова (№37 күбөлүк, 11.06.2021).

"Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү.

Жарыяланган күнү: 25.06.2021.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД