Коронавирус жуккан Бейшеналиев министрликке келип иштеп жатат

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирус жукканына карабай министрликке келип иштеп жатат.

Ал 25-июнда "Азаттыкка" комментарий берип, жумушта эшик-терезелерди жаап отурганын айтты.

Кыргызстандын COVID-19га каршы Республикалык штабы коронавирус жуктуруп алгандарды, оорунун белгилери бар кишилерди обочолонуп, үйдөн чыкпоого, башкаларга жуктурбоого чакырып келет.

Өзүнүн талаштуу пикирлери менен таанылган Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы уу коргошун (аконит) тундурмасын ичүүнү сунуш кылып жүрөт. Бул демилгеси коомчулуктун сынына кабылып, чакырыгы кооптуу экенин жергиликтүү жана эл аралык адистер эскертишкен.

Бишкек мэриясы 19-июнда мекеме-уюмдарга кайрылып, ооруну жайылтпоо үчүн кызматкерлерди аралыктан иштөөгө өткөрүүнү сунуш кылган.

Көз карандысыз эксперттер тобу Кыргызстанда июнь-июль айларында коронавируска кабылгандардын саны кескин көбөйүп, оору курчушу мүмкүн экенин эскертишкен.

Оорунун жайылышына карата баш калаада жана аймактарда коомдук жайларга жарым-жартылай чектөөлөр коюлуп, өкмөт элди этият болууга чакырууда. Жарандарга Кытайдын жана Орусиянын вакциналары сайыла баштаган. 25-июнга карата 100 миң адам эмделди.

Кыргызстанда күнүгө 700-800 кишиге коронавирус жукканы расмий тастыкталып, 6-9 бейтап жашоо менен кош айтышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД