"Скверди кайтаргыла" Бишкектиктер Жапаров менен Ташиевден жардам сурашууда

Сүйүмбаев көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинен анча алыс эмес жерде аянты болжол менен 25 сотикти түзгөн, бак-дарак өскөн сквер болгон. Эми ал жерге жакын жайгашкан эки үйдүн жашоочулары аларга олуттуу коопсуздукту жараткан, тереңдиги 18 метрге жеткен аңдардын жанында жашап жатышат. Жыл сайын ал чуңкурларга суу топтолуп, жер кыртышы чөгүп бара жатат.

Юрист, адвокат жана жарандык активист Эрик Ирискулбеков мамлекет башчысы Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, бул ишти көзөмөлгө алууну жана аталган скверди шаарга жана шаардыктарга кайтарып берүүсүн өтүндү.

Бул скверди шаар тургундары кайтарып алууга кантип күрөшүп жатканы жана соттор бул ишти кандайча карап жатканы тууралуу VB.KG`нин кабарчысына Эрик Ирискулбеков айтып берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД