Коронавирус 298 адамдан аныкталып,6 бейтап көз жумду

Республика боюнча коронавирус илдети 298 адамдан аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, илдет аныкталгандар адаттагыдай эле Бишкек шаарында көп катталды. Анда:

Бишкек шаары - 170

Ош шаары- 10

Чуй облусу – 69

Ош облусу - 7

Талас облусу - 5

Нарын облусу - 12

Исык-Көл облусу – 21

Жалал-Абад облусу – 4

Өлкөдө жалпы 101миң 878 адам коронавирус илдетин жуктуруп алган.

COVID-19 илдетинен каза болгондордун төмөнкү аймактарда катталды:

Бишкек – 3

Чүй облусу – 3

Тилекке каршы, өлкөдө илдет аныкталгандан бери жалпы 1735 адам каза болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД