Чүй дарыясынан белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 53-чакырымында Чүй дарыясынан 60-65 жаштагы кишинин жансыз денеси табылган.
Ал жерге барган куткаруучулар маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.