26-июнга карата аба ырайы

Ишембиде күндүз көпчүлүк аймактарда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +24…+29, Талас өрөөнүндө +23…+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +30…+35, Ысык-Көл, Нарын чөлкөмдөрүндө +20…+25 градус болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбор калаада +27…+29, Ошто +32…+34, Чолпон-Ата шаарында +19…+21 градусту көрсөтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД