
Ырчы Асел Кадырбекова жашоосунда орун алган окуялардан кийин чыгармачылыгын жандантып, жаңы ырын жаздырды. Ал күйөрмандарына "Кечикпечи" ырын тартуулап, кырсыкка кабылганына туптуура бир жыл болгонун айтат.
"Туура бир жыл мурун Аллахтын буйругу, сиздердин тынымсыз дуаңыздар менен, мекенибиздин мыкты ак халатчандарынын жардамы менен кайрадан жаралган сымал бул жашоону улантуу, тирүүлүктүн тузун татуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгом. Маңдайыма жазылган сыноого бай күндөрдө элимдин дуасы, жакшы сөзү мени күчкө толтурду. Мекендештериме болгон ыраазычылыгымды айтып бүтө албайм.
Бүгүн мен сахнага жаңы аттанып жаткан Аселдей жүрөгүм оозума кептелип, толкунданып турам. Себеби чыгармачылыктан алыстай түшкөнүмдү билесиздер. Бирок сиздердин колдооңуздар мени баарын башынан баштоом үчүн күч берди.
Кадырлуу замандаштарым тагдырдын тамашасы менен жаңы чыгармамдын бет ачары дал ушул күнгө 26-июнга туура келип отурат. Бул да болсо бир буйрук, жакшы белги деп билем. Элиме жаңы чыгармамды жан дүйнөмдөн тартуулайм", - деп социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.