Бишкекте 8 мектеп карантинге жабылды

Бишкекте коронавирустун жуктуруп алган учурлары катталгандыгы үчүн дагы 8 мектеп карантинге жабылган. Бул тууралуу мэриянын билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлмира Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, 28 мектептин 49 классы онлайн окууга өткөн.

Бүгүнкү күндө салттуу режимде окуп жаткан окуучулар арасында коронавирус жуктуруп алган 69 учур катталган.

Коронавирус илдетине каршы вакцинаны 349 мугалим алган.

Учурда Бишкекте 1-класстан 5-класска чейинки жана 9-11-класстын окуучулары салттуу режимде окуп жатышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД