Замир Ракиев Муфтий болду

Бүгүн, 26-июнда Кыргызстан Мусулмандарынын Курултайы болуп, анда Замир кары Ракиев Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи болуп шайланды. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынын жетекчиси Максат Атабаев фейсбук баракчасына жарыялады.

Быйыл 10-февралда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Максатбек ажы Токтомушев УКМК тарабынан Муфтияттагы каржылык маселелер боюнча айыпталып камалган. 12-февралда үй камагына чыгарылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД