Ошто жүк ташуучу унаа дарыяга кулап эки адам көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя Кара-Кулжа районунун Көңдүк айылында Асыран-Бий-Көпүрө тилкесинде болгон. Анда "Тар" дарыясына "Портер" үлгүсүндөгү унаа түшүп кетип, унаадагы 5 адамдын ичинен 2 адам (1 эркек: 1980-ж.т. Ж.Т., 1 кыз: 2008-ж.т. А. К.) куткарылып, 2 адамдын жансыз денелери суудан табылган (2 аял: 1984-ж.т. М.Г., 1993-ж.т. М.Э.)
Учурда А.Ф. аттуу 4 жашар кыз дайынсыз болуп издөө иштери жүрүп жатат.