Он жети Ооган жоокери Тажикстандын аймагына качып өттү

Кечээ, 27-июнь күнү кечке жуук Ооганстандын Балх провинциясынын Шахритус районундагы талибдер менен салгылаштан соң артка чегинген 17 ооган чек арачысы курал-жарагы менен Тажикстандын аймагына качып өттү.

Бул тууралуу Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине шилтеме кылып тажик басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, Гуманитардык жана кошуначылык мамилени эске алуу менен тажик чек арачылары аргасыз качкындарды Тажикстандын аймагына өткөзгөн.

22-июнда Ооганстандын Шерхан-Бандар чек ара бекетин талибдер басып алгандан кийин 134 ооган аскери артка чегинип, Тажикстандын аймагына башпаанек сурап кирип келген.

БУУнун Ооганстан боюнча чабарманы Дебора Лайонс 22-июнда талибдер өлкөнүн 370 районунун 50дөн ашуунун басып алганын жарыялаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД