Арстанбапта милициянын көчмө кабылдамасы коомдук тартипти көзөмөлдөөдө

Арстанбапта милициянын көчмө кабылдамасы коомдук тартипти көзөмөлдөөдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда тоого чыгып эс алгандар көбөйдү. Буга байланыштуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан ички жана сырткы туристтердин коопсуздугу көзөмөлдөө үчүн тийиштүү иштер жүрүүдө. Анын алкагында Базар-Коргон РИИБинин кызматкерлери милициянын көчмө кабылдама унаасы менен Арстанбапта иш алып барышууда. Алар эс алууга келгендерди аттракциондорго түшүүдө жана тоого чыкканда этият болуу керектигин, табигый жаратылышты сактоону жана таштандылар менен жаратылышты булгабоону эскертишүүдө.

Мындан сырткары Арстанбап аймактык милиция бөлүмчөсү тарабынан жергиликтүү тургундар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө. Көчөлөрдө, соода жайларында, ашканаларда санитардык эрежелердин сакталуусу текшерилип, тиешелүү нормалар сакталбаган жайларга эскертүүлөр берилүүдө. Аттракцион иштетүүчүлөргө техникалык абалды тынымсыз көзөмөлдөп туруу зарылдыгы жеткирилүүдө.

Милициянын көчмө кабылдама унаасында туристтердин жана жергиликтүү тургундардын арыз-даттануулары, сунуштары да кабыл алынууда. Ошондой эле район аймагында сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу иштери да бул унаа менен үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келүүдө.

Базар-Коргон РИИБинин милициянын көчмө кабылдама унаасы үстүбүздөгү жылдын 5 айында 59 жолу аймактарды кыдырууга чыгып, 32 ар түрдүү мазмундагы кайрылууларды кабыл алган. Анын ичинен 3 факты КЖБРге катталып, 19 учур боюнча жеринде юридикалык кеңештер берилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД