Жапаров жана Бердымухамедов тет-а-тет форматында жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 28-июнда, Ашхабад шаарында КР президентти Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун расмий жолугушуу аземи болду. Бул туралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровду коштогон кортеж Ашхабад шаарынын Эгемендүүлүк аянтына келип, аны Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов тосуп алды.

Ардактуу кароолдун командиринин рапортунан кийин Кыргызстан менен Түркмөнстандын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Эки өлкөнүн лидерлери Ардактуу кароол ротасын бойлой басып, өз өлкөлөрүнүн расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты. Аскер оркестринин маршы менен Ардактуу кароол ротасы мамлекет башчыларынын алдынан салтанаттуу өтүштү.

Андан соң Президент Садыр Жапаров автоунаа менен атчандар эскортунун коштоосунда "Огузхан" Сарайына багыт алды.

Ал жерде мамлекет башчылары сүрөткө түшкөндөн кийин, тет-а-тет форматында сүйлөшүүгө киришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД