Депутат Алиярбек Абжалиев Кыргызстанга кайтып келгенде кармалды

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Алиярбек Абжалиев Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу күч түзүмдөрүнөн кабарлашты.

Алардын айтымында кечээ түнү Абжалиев Казакстандан келген жана аны дароо Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери кармап, тергөөгө алып кетишти.

Белгилей кетсек, буга чейин УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы депутатты мыйзамсыз байлык топтогону тууралуу фактыны ачыктаган. Бул тууралуу маалымдалганга чейин Абжалиев Бишкек - Стамбул каттамы менен чет өлкөгө учуп кетип, кайтып келген эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД