Бүгүн, 24-июнда Талас облусунда 14 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Талас облустук жугуштуу ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.
Маалыматка караганда, Талас районунда 7 бейтап, Талас шаарында 2 бейтап, Кара-Буура районунда 1 бейтап, Бакай-Ата районунда 4 адам катталды. 14 бейтаптын ичинен 4 адам ооруканада жатат. Калган 10 адам амбулатордук дарыланууда.
Талас районунда катталган 7 бейтаптын бешөө чек ара заставасындагы аскерлер. Учурда ошол жерде изоляцияга алынып, өздөрүнүн дарыгерлердин кароосунда болуп жатат. Алардын бардыгы жеңил формада оорушкан.