"Түндүкэлектр" Бишкектеги 6,8 миңден ашуун абоненттин жарыгын өчүрөт

"Түндүкэлектр" ишканасы 29-июндан тартып карызы бар абоненттерди аралыктан өчүрө турганын эскертти.

Маалыматка ылайык, 29-июндан "Түндүк электр" ишканасы электр энергиясына мониторинг жүргүзүү жана өлчөө боюнча автоматташтырылган маалыматтык-өлчөө тутуму дебитордук карызы үчүн Бишкек шаарындагы 6,8 миңден ашуун үй абоненттерин аралыктан өчүрөт.

Ыңгайсыздыктарды болтурбоо үчүн "Түндүкэлектр" ишканасы абоненттерди электр энергиясына болгон төлөмдөрдү убагында төлөөгө чакырды.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы тиричилик абоненттеринин дебитордук карызы 3,04 млн сомду түзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД