Уу коргошун менен дарыланып жаткан министрдин абалы айтылды

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда АКИpress агенттигине Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Министр аралыктан иштеп жатат. Коронавируска каршы эмделгени үчүн оору жеңил өтүүдө", - деп билдиришти министрликтен.

25-июнда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирус жуктурганы белгилүү болгон. Ал АКИpress агенттигине уу коргошун ичип, дарыланып жатканын билдирген.

Ошондой эле ал эмделсе дагы, анын организминде коронавируска каршы антитела иштелип чыкпаганын кошумчалаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД